Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Түндүк Корея менен үч тараптуу сүйлөшүү өтүшү ыктымал


Мун Чжэ Ин.
Мун Чжэ Ин.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен үч тараптуу саммит өткөрүү мүмкүн экенин бүгүн билдирди.

Ал мындай саммитке бул эки өлкөдөн тышкары АКШ да катышып, Корей жарым аралындагы өзөктүк курал коркунучун жоюу көңүл борборунда болушу керек деп эсептейт.

Мун Чжэ Ин келерки айда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугууну пландоодо. Ал эми АКШнын президенти Доналд Трамп Ким менен майдын этегинде кездеше алаарын билдирген.

Сеулдагы расмий өкүлдөр Мун менен Ким жолукчу, эки Кореянын чегиндеги Панмунжом айылында андан кийинки үч тараптуу жыйын деле өтүп калышы ыктымал экенин айтышат. Өткөн жылга чейин өзөктүк куралын байма бай сынап келген Пхеньяндагы режим январдан бери кепке келип, түштүктөгү коңшусу менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө. (МТо)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG