Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Израил Сириянын өзөктүк реакторун талкалаганын моюнга алды


Израил армиясы 21-мартта жарыялаган видео тасмадан алынган сүрөт.
Израил армиясы 21-мартта жарыялаган видео тасмадан алынган сүрөт.

Израилдин армиясы Сириянын өзөктүк реакторун 2007-жылы талкалаганын биринчи ирет расмий түрдө моюнга алды. Ал ошондогу абадан урулган сокку Израилге багытталган олуттуу коркунучту жок кылганын жана башкалар үчүн белги болгонун да кошумчалады.

Он жыл мурда болгон операция тууралуу Израилдин жаңы билдирүүсү көп жагынан азыр Сирияда аскердик кубатын чыңдап жаткан Иранды эскертүү катары бааланууда.

Ирандын Сириядагы туруктуу аскер базаларынын курулушуна каршы чыгып жүргөн Израил өткөн айда ирандык дронду атып түшүрүп, ал аба мейкиндигин бузганын билдирген.

Сириянын өзөктүк реакторун 2007-жылы талкалаганына далили катары Израил азыр эми жашыруун сырдын тизмесинен чыгарылган материалдарды, анын ичинде сүрөттөрдү, Деир эз-Зор аймагына жакын чөлдөгү ал-Кубар жайына абадан сокку урулганы тартылган видео тасманы да жарыялады.

Буга байланыштуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик ал жер Сирия өкмөтү ачыкка чыгарууга милдеттүү болгон “өзөктүк реактор болушу” абдан ыктымал экенин белгиледи.

Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча 1970-жылкы келишимге кол койгон Сириянын бийлиги Израил абадан сокку урган жер өзөктүк реактор болгонун жана ал реакторду жабдуу үчүн Дамаск Түндүк Корея менен кызматташканын такай төгүндөп келген. (UE)

XS
SM
MD
LG