Француз медиасынын кабарларына караганда, мурдагы президентти антикоррупциялык полициянын офицерлери суракка алып жатышат. Ал түндө үйүндө түнөп, бүгүн кайра Париждеги полиция бекетине келди.
Маалыматтарга караганда Никола Саркозини суракка алуу "ал 2007-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө Ливиянын мурдагы диктатору, маркум Муаммар Каддафиден акча алган" деген ырастоолор менен байланыштуу.
"Саркози Каддафиден шайлоо өнөктүгү үчүн акча алган" деген маалыматтар француз медиасында адегенде 2013-жылы жарыяланган жана тергөө ошондон кийин башталган.
Анда теги боюнча француз-ливандык ишкер Зиад Таккиедайн Каддафинин чалгын кызматынын башчысы Абдулла Сенуссиден беш миллион еврону Саркозинин шайлоо штабынын башчысына которуп бергенин айтып чыккан эле.
Франция президентинин кызматында 2007-2012-жылдары турган, 63 жаштагы Саркози мыйзам бузбаганын айтып келет. (UE)