Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:45

Кабулда Нооруздагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды (видео)


Жардырууда жарадар болгондордун бири. Кабул, 21-март, 2018-жыл.
Жардырууда жарадар болгондордун бири. Кабул, 21-март, 2018-жыл.

Ооган борборундагы бүгүнкү жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкер экенин бул экстремисттик уюмга байланышы бар “Amaq” жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Анын маалыматында жанкечти жардырууну Ооганстандагы диний азчылык болгон шииттер Ноорузду майрамдап жаткан учурда жасаганы айтылат.

Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, 18си жаракат алды.

Курмандыктардын көбү жайкын тургундар болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Кандуу окуя Кабулдагы Карт-и- Шакхи мечитинин сыртында болду. Жанкечти өзүндөгү бомбаны мечитке кирип бара жатып жардырган.

Кабулда акыркы айларда “Талибандын” да, “Ислам мамлекети” тобунун да согушкерлери чабуулдарын күчөттү. (UE)

"Азаттыктын" дүйнө жаңылыктарынын видеосу

Израил Сирияны бомбалаганын мойнуна алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:35 0:00

XS
SM
MD
LG