Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

22-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Сулайман тоодогу жаз. Ош.
Сулайман тоодогу жаз. Ош.

Кыргызгидромет борбору шашылыш эскертүү берип, ушул күндөрү тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирди.

22-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 21...26,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5...10, күндүз 21...26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 10...15,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25°.

XS
SM
MD
LG