Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Мавлян Аскарбековго каршы 70 млн. сомдук доо арыз берилди


Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычов.
Мавлян Аскарбеков жана Алга Кылычов.

“Дан” мамлекеттик ишканасынын башкы директору, “Бириккен элдик кошуундардын” төрагасы Алга Кылычов “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, жарандык активист Мавлян Аскарбековду “ар-намысыма шек келтирди” деп сотко берди жана андан 70 миллион сом айыппул талап кылууда.

Кылычев бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып сотко «Kyrgyztoday.kg» сайтына 2016-жылы чыккан макалага байланыштуу кайрылганын, анда “жок сайтка шилтемелер келтирилгенин”, Аскарбеков тараптан “каралоо” болгонун айтты:

- “Ксива”, “маргинал”, “торпеда” дегендей мыйзамга каршы сөздөр менен беделиме шек келтирип, шылдыңдоо иретинде ушундай нерселерди аткарып жатат. Унчукпай эле коёюн дегем, бирок улам ар кайсы жерлерге жазып, адамдын оозуна келбей турган сөздөр менен комментарийлеп жатканынан мыйзам чегинде ушундай кадамга бардым. Демократия жана сөз эркиндиги деген биринчи кезекте жоопкерчилик жана мыйзамдуулук болушу керек.

Кылычов бул макала жеке өзүнүн гана эмес, ал жетектеген “Бириккен элдик кошуундардын” да аброюна шек келтирди деп эсептейт.

Аскарбеков Кылычов тууралуу постун "Фейсбукка" эки жыл мурда жазганын “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, кийин аны “Kyrgyztoday.kg” сайты да көчүрүп чыгарган:

- Алга Кылычов 2010-2011-жылдары менин жанымда оппозиционер болуп жүргөнүн, эки жыл айланбай КСДПнын шаардык кеңештеги тизмесинен чыга калганын, оппозиционерлерге каршы антимитинг уюштурганын, бийликтин “камчысын чапканы” үчүн “Дан” ишканасына башкы директор болгонун жазгам.

Аскарбеков Кылычовдун арызын УКМК жана ИИМди сындаганы үчүн ушул түзүмдөрдүн ага карата “буюртмасы” деп баалап жатат. Кылычов Аскарбековдун мындай пикирин “күлкүлүү”, “чындыкка дал келбейт” деп эсептейт.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карамай болду. Алгачкы соттук отурум 17-апрелге белгиленди.

УКМК жана ИИМ Аскарбековдун айткандары боюнча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG