Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Санкт-Петербургда Тилекмат акенин эстелиги ачылат


Тилекмат акенин эстелигинин сүрөтү.
Тилекмат акенин эстелигинин сүрөтү.

Эртең, 23-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия ак сарайында Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу даанышман, элчи Тилекмат Жылкайдар уулунун (Тилекмат аке) эстелиги ачылат. Бул тууралуу иш-чарага жөнөп бараткан “Тилекмат аке – элчи” фондунун өкүлдөрү кабарлашты.

Ал эми бүгүн Санкт-Петербургда кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, саясий жана коомдук ишмер Исхак Раззаковго арналган эки күндүк эл аралык илимий конференция ачылды.

Бул эки иш-чараны КМШ мамлекеттеринин Парламент аралык ассамблеясы уюштурду.

Аларга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев, Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев баштаган расмий делегация катышууда.

“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмеси 2014-жылы “Тилекмат аке” сыйлыгын уюштурган. Андан бери бул төш белги менен дипломаттар Муратбек Иманалиев, Мурат Саралинов сыйланышкан. Былтыр бул сыйлыкка Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси болуп турган Метин Кылыч татыктуу болгон.

Тилекмат аке (1793- 1868) - Көл өрөөнүнөн чыккан айтылуу акылман, элчи, коомдук ишмер. Өз убагында уруулар арасындагы чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салып, кыргыз элинин Кытай, Орусия мамлекеттери, Кокон хандыгы менен болгон алака-катышын оң жолго салууга зор салым кошкон.

Санкт-Петербургдагы Таврия ак сарайында Орусия менен алака-катыш түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө салым кошкон адамдардын элестери калтырылат. 2012-жылы ал жерге Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлган.

Бул жолу коюлуп жаткан Тилекмат акенин бюстунун автору - скульптор Аскар Турумбеков. Бюсттун жасалышын Жогорку Кеңеш каржылаган.

XS
SM
MD
LG