Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:39

“Кыргыз Туусунун” мурдагы башкы редактору Жаныбек Турсунов дүйнө салды


Жаныбек Турсунов.
Жаныбек Турсунов.

“Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору, Кыргызстан Журналисттер союзунун мурдагы төрагасы Жаныбек Турсунов 85 жашында узак оорудан кийин дүйнө салды.

Ал 1933-жылы Нарындын Ак-Талаа айылында туулган. 29 жашында Кыргыз ССРнин Коммунисттер партиясынын Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1964-жылдан тарта Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысы болгон. 1972-1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Кыргызстан Журналисттер союзунун төрагасы болгон.

1963-жылдан тартып 1993-жылга чейин алты жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Жаныбек Турсунов кыргыз элине күжүрмөн кызмат кылгандыгы үчүн бир катар сыйлыктарга татыган, анын ичинде Эмгек Кызыл Туу, Элдердин достугу ордендеринин ээси.

XS
SM
MD
LG