Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

АКШнын Остин шаарындагы жардырууларга шектүү адам өзүн-өзүн жардырды


Остиндин полициясы журналисттерге маалымат берүүдө. Остин, 20-март, 2018-жыл.
Остиндин полициясы журналисттерге маалымат берүүдө. Остин, 20-март, 2018-жыл.

Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирүүдө. Остиндин полиция башчысы Брайн Манлейдин бүгүнкү басма сөз жыйынында айтканына караганда, алар кылмышка шектүүнүн изине акыркы 24-36 сааттын аралыгында түшкөн.

Акырында анын автоунаасы шаардын чет жакасындагы меймаканага токтогону аныкталган.

Полициянын атайын күчтөрү автоунаага жакындаганда кылмышка шектүү өзүн унаанын ичинде жардырып, алган оор жараатынан мерт болгон.

Полиция кылмышка шектүү 24 жаштагы ак түстүү жигит экенин кошумчалады.

2-марттан бери АКШнын Техас штатынын борбору Остин шаарында посылканын ичине салынган төрт бомба жарылып, андан эки киши өлүп, төртөө жаракат алган эле.

Ал эми бешинчи бомба 20-мартта ушул эле штаттын Сан-Антонио шаарчасында, FedEx компаниясынын кат-посылкаларды бөлүштүрүүчү борборунда жарылган. (UE)

XS
SM
MD
LG