Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Косоводо оппозиция чек ара келишимин өткөрбөө үчүн парламентте газ чачты


Косовонун парламентиндеги көрүнүш. 21-март, 2018-жыл.
Косовонун парламентиндеги көрүнүш. 21-март, 2018-жыл.

Оппозиция депутаттары парламенттин бүгүнкү сессиясы учурунда көздөн жаш агызуучу газ чачты. Мындай чара Косовонун Черногория менен чек ара келишими ратификациядан өтүшүнө тоскоолдук кылуу үчүн жасалды.

2015-жылкы чек ара келишиминин ратифакцияланышы - Косовонун жарандары Евробиримдик өлкөлөрүнө визасыз каттоо укугун алышынын эң маанилүү шарты.

Бирок оппозициядагы Vetevendosje партиясы келишимге каршы чыгып, жүйө катары Косовонун 8000 гектар жери коңшу өлкөгө өтүп кетерин келтирүүдө.

Оппозиция депутаттары көздөн жаш агызуучу газ куюлган канистрлердин капкагын парламенттин жыйындар залында ачканда ал жердегилер какалып, тумчугуп сессия үзгүлтүккө учурады.

Евробиримдиктин кеңейүү маселелери боюнча комиссары Йоханнес Хан косоволук оппозициянын аракетин “демократияга шайкеш келбеген жүрүм-турум” катары сындады. (UE)

XS
SM
MD
LG