Тышкы иштер министри Борис Жонсон бүгүн парламент комитетинде сүйлөгөн учурунда мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипалдын Британияда ууландырылышы үчүн “Орусия мамлекети жана анын башындагылар жоопкер, -деп белгиледи.
Ал ошондой эле кол салуунун убактысы Орусиянын жакындагы президенттик шайлоосуна дал келүүсү атайылап жасалган болушу мүмкүн экенине да көңүл бурду.
Расмий Лондондун Орусиянын дарегине Скрипал боюнча айыптоолору кайталанар алдында Москвадан Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысынын орун басары Владимир Ермаков мурдагы чалгынчынын ууландырылуусу алар үчүн “бардык жагынан пайдасыздыгын” айткан эле.
“Мындан эки гана: Британия кол салууну алдын ала алган жок же ага өзү жоопкер деген жыйынтык чыгарууга болот”,- деп кошумчалады орус дипломаты.
Орусия тышкы иштер министрлигинин өкүлү ошондой эле Москва Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун Британиядагы иликтөөсүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын да ишара кылды.
Бул арада Британиянын Москвадагы элчилиги Орусия ууландыруу окуясы боюнча “калп жана жалган маалымат таратууда”, анын дипломатынын айткандары “ишеним жаратпайт” деп билдирди.
Орусиянын мурдагы аскердик чалгын офицери Сергей Скрипал кызы Юлия экөө Британиянын Солсбери шаарында 4-мартта ууландырылган. Алардын абалы азыр да оор.
Расмий Лондон Скрипалдарды ууландырууда нервди шал кылган, “Новичок” деген уу зат колдонулган деген бүтүмгө келген. (UE)