Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

АКШ жана Саудия Йемендеги согушкерлер коркунучун талкуулады


Президент Дональд Трамп жана ханзаада Мухаммед бин Салман жолуккан учур. Вашингтон, 20-март, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп жана ханзаада Мухаммед бин Салман жолуккан учур. Вашингтон, 20-март, 2018-жыл.

Ак үй маалымдагандай, президент Дональд Трамп жана Сауд Аравиянын Вашингтонго келген ханзаадасы Мухаммед бин Салман Йемендеги хусит согушкерлери Ирандын жардамы менен аймакка туудуруп жаткан “коркунучту” талкуулашты.

Саудиянын ханзаадасы сүйлөшүү учурунда Иранды Йемендеги хусит козголоңчуларын колдоп жатканы үчүн күнөөлөгөн.

Ак үйдүн билдирүүсүндө алар бул өлкөдөгү “гуманитардык кырдаалды чечүү боюнча кошумча кадамдарды да талкуулашып, акыр-аягында Йемендин элинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жаңжал саясий жол менен жөнгөрүлүүсү зарылдыгын макулдашты”,- деп көргөзүлөт.

Иран колдойт деген хусит согушкерлери Йемен борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт.

Эл аралык коомчулук тааныган өкмөттүн бийлигин калыбына келтирүү боюнча өнөктүк азырынча натыйжа бере элек, бирок өлкө гумнитардык кризиске кабылып, кагылыштардан кеминде 10 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Сауд Аравия баштаган коалиция эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет.

Тегеран Сауд Аравия менен АКШнын "Иран хуситтерди курал менен жабдыйт" деген дооматтарын четке кагып жүрөт.

Бул арада Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Нооруз майрамына байланыштуу Мешхед шаарынан сүйлөгөн сөзүндө АКШ Жакынкы Чыгышта туруктуулук орното албасын белгилеп, Сауд Аравияны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун "колдойт" деп айыптады.

Тегерандын мындай айыптоолорун Эр-Рияд мурда төгүндөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG