Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:32

Балдар ууланган Волоколамсктын тургундары бийлик башчыларын опузалады


Волоколамсктагы нааразылык. 21-март, 2018-жыл.
Волоколамсктагы нааразылык. 21-март, 2018-жыл.

Москва облусундагы Волоколамск районунун тургундары Орусиянын бул облусунун губернатору Андрей Воробьев менен ушул райондун акими Евгений Гавриловго оорукананын жанынан кол салып, аларды кар менен урушту.

Бул тууралуу окуя болгон жерден “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары билдиришти.

Волоколамсктын жашоочулары 21-мартта бул райондун аймагындагы “Ядрово” таштанды полигонунан ууланган балдар жаткырылган оорукананын жанына чогулуп, ал жерге аймактын бийлик башчылары да келишкен.

Волоколамсктагы акыр-чикир чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00

21-март күнү “Ядрово” полигонунда күкүрт-суутек газы чыгып, жергиликтүү мектептин отуздан ашуун окуучусу ууланды деген шек менен ооруканага жаткырылган.

Волокаламсктын жашоочулары шаар чегинен бир нече чакырым жерде жайгашкан таштанды жайынын жабылышын талап кылышууда.

Алар таштанды жайдан жаман ис чыгып жатканын айтып, буга чейин бир нече жолу митинг уюштурушкан. Полигонго кеткен жолду жабууга да аракеттенишкен. (UE)

XS
SM
MD
LG