Бүгүн Бишкектеги «Ала-Тоо» эл аралык университетинде өзү баскан роботтордун жарышы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара жаштарды технология жаатындагы долбоорлорго жана техникага жакындатуу максатын көздөйт.
Буга чейин студенттер дөңгөлөктүү роботтор менен сынакка катышып келген. Аталган окуу жайда АКШдагы Сан-Диего университетинен келген профессор Курт Шургерстин робототехника сабагын жогорку деңгээлде даярдап, көрсөтүп жатышат.
Буга чейин студенттер айдоочусуз машиналарды, музыкалык аспаптарды ийгиликтүү жасап, өнүктүрүп келишкен. (КЕ)