Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:09

Франциянын экс-президенти Саркозиге айыбы угузулду


Николя Саркози.

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозиге айыбы угузулду. Тергөөчүлөр экс-президент 2007-жылдагы өзүнүн шайлоо өнөктүгүн мыйзамсыз каржылаган жана Ливиядан жашыруун акча алып турган деп эсептешет.

Саркози 21-мартта кармалып, камакка алынып, кайра бошотулган. Француз медиасынын кабарларына караганда, мурдагы президентти коррупцияга каршы полициянын офицерлери суракка алып жатышат.

"Саркози Муаммар Каддафиден шайлоо өнөктүгү үчүн акча алган" деген маалыматтар француз медиасында адегенде 2013-жылы жарыяланган жана тергөө ошондон кийин башталган.

Былтыр басылмаларда бийликтен кулатылган Каддафи Франциядагы шайлоо өнөктүгүн каржылоого 66 млн. доллар сунуш кылганы тууралуу маалыматтар чыккан. Ливиянын бийлиги документтер жасалмаланганын айтып чыкса, Саркози бул айыптарды четке каккан. Саркози Франциянын президентинин милдетин 2007-2012-жылдары аткарган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG