Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Парламентте тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча жыйын өтөт


Археологиялык казылмалар. 2017-жыл, июнь айы.
Археологиялык казылмалар. 2017-жыл, июнь айы.

Укук коргоо органдары жана маданият мекемелери тарабынан “Музейлер жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышына арналган парламенттик талкуу болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Программа боюнча парламенттик талкуу 27-мартта Жогорку Кеӊештин жыйындар залында өтөт. Ага 140тай тиешелүү мекеме өкүлдөрү катышат.

Кыргызстан 2006-жылы Мурастарды коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулган. Ага ылайык, ЮНЕСКО оозеки материалдык эмес мурастарды коргоп, жайылтуу үчүн мыйзамдык негизди жакшыртууга милдеттендирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG