Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд бүгүн келет


Бишкек-Балыкчы темир жолу. 2014-жыл, июнь.
Бишкек-Балыкчы темир жолу. 2014-жыл, июнь.

Бүгүнтөн тартsg Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд каттай баштайт.

Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрөт. Бейшембиде ал Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт.

Билеттин баасы Бишкектен Ташкентке чейин плацкарттык вагон үчүн 2500 сом, купе вагон үчүн 3378 сом жана люкс вагон үчүн 6432 сом турат.

2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, ал да аткарылган эмес. Маалыматка караганда, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.

Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат. (КE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG