"Каныбек Осмоналиев студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирди бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов:
- Буга чейин Кыргыз-Орус (Славян) университетинин Медициналык факультетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда негизги айыпталуучу Каныбек Осмоналиев болчу. Бүгүнкү күндө ошол 27 студенттен жалпысынан 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталды. Тергөө аягына чыгып, андан ары сотко өткөрүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
2014-жылы УКМК 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча иш козгогонун, абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.
Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан.
Кечээ 21-мартта ал УКМКга сурак берип чыкканын Фейсбуктагы баракчасына “Сурак бере баштадым! Жакында камап коюшат, го!” деп жазды. «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген ал мындай божомолунун себебин айткан жок,өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат жазып бергенин билдирди.
Буга чейин ал УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына чакырылганын, ал жактан кылмыш иши жаңы жагдайларга байланыштуу быйыл 23-январда кайра ачылганын айтышканын белгилеген. Осмоналиев муну бийликтин дарегине айткан сыны менен байланыштырган.
Каынбек Осмоналиев 2007-2012-жылдары Билим жана илим министри, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, Жогорку Кеңештеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты болгон. (KE/RK)