Транспорт прокуратурасы Автотранспорт агенттигинин Оштогу башкармалыгында мамлекетке 9 миллион сомдук заян келтирген жемкорлук фактын аныктады. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 1-ноябрынан 2018-жылдын 10-январына чейин Жалал-Абад бажысында 3,5 миң тонна мазут “экспорт” процедурасы боюнча каттого алынып, 108 оор жүк ташуучу автоунаа менен Тажикстанга жөнөтүлгөн. Кийин «Жаңы-Арык», «Каратай», «Сары-Таш» жана «Карамык» транспорттук көзөмөл бекеттеринен ал жүктүн салмагы текшерилбей, кээ бир жерлерден айыппул алынбай өткөрүлгөн.
Иш тиешелүү кызмат адамдарына жана инспекторлорго карата Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде козголду.
8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, күч, сот жана прокуратура органдарынын ишин кескин сынга алган болчу. (RK)