Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

Азия кубогу: Кыргызстан Мьянма менен беттешүүдө


Кыргызстандын командасынын күйөрмандары. "Инчхон" стадиону, 22.03.2018
Кыргызстандын командасынын күйөрмандары. "Инчхон" стадиону, 22.03.2018

Дал ушул учурда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында футбол боюнча Кыргызстан менен Мьянма өлкөлөрүнүн улуттук курама командалары Азиянын кубогуна тандоо оюндарындагы беттешин өткөрүүдө. Беттештин жүрүшүн «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтүүдө. 1-таймдан кийин 2:0 эсебинде кыргыз футболчулары алдыда келе жатат. Голдорду Ислам Шамшиев жана Антон Землянухин киргизди.

Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын мурда болбой калган беттешин "Инчхон" стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Конфедерациянын дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, стадиондун ижара акысын, оюнду уюштуруу иштерин, эки команданын жол киресин жана жатаканасын Кыргызстандын Футбол федерациясы көтөрөт.

Кыргызстан менен Мьянманын командалары 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек. Оюн коопсуздук маселесинен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Буга Мьянмадагы диний негизде деп айтылган жаңжал себеп болгон.

2019-жылдагы АФК кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан «А» тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 27-мартында аяктайт.

Учурда Кыргызстан өз тайпасында жети упай менен экинчи катарда. 13 упай менен Индиянын курама командасы көч башында келе жатат. Мьянмалыктарда беш упай бар.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт.(ECh)

XS
SM
MD
LG