Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Сузакта мигрант жаштар айылына спортзал куруп беришти


Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Багыш айылында чет жакта иштеп жүргөн мигрант жаштардын колдоосу менен жаңы спортзал ачылды.

Бул тууралуу “Багыш жаштары” коомдук фондунун төрагасы Марат Жолборсов “Азаттыкка” билдирди.

Айыл жаштарынын демилгеси жана жашоочулардын өтүнүчү менен фонддун атынан спортзалдын курулуш иштери 2017-жылдын май айында башталган. Анын ачылыш салтанаты бүгүн өттү.

Жалпысынан курулушка 120 миң доллар сарпталды.

500 орунга ылайыкташкан спортзалда кичи футбол, волейбол, баскетбол жана күрөш боюнча мелдештерди уюштурууга болот.

Быйылкы жылы спортзалдын алдына жаштар фонду 2 миллион сомдук “Жаштар аллеясын” курууну да пландоодо.

“Багыш жаштары” коомдук фонду 2008-жылы Москвада уюшулган. Учурда ага 400дөн ашык адам мүчө. (RsK)

XS
SM
MD
LG