Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Футбол: Кыргызстан Мьянманы жеңип, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Корея.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. 22-март, 2018-ж. Инчхон, Корея.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Мьянма курама командасы менен беттеште жеңишке жетип, Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алды.

Оюн кыргыз футболчуларынын пайдасына 5:1 эсебинде аяктады.

Оюндун 1-таймында 2:0 эсебинде кыргыз футболчулары алдыга чыгышкан. 2-таймда үч голду Кыргызстандын футболчулары атаандаш дарбазасына узатса, мьянмалыктар бир гол менен жооп кайтарды.

Кыргызстанга тиешелүү голдорду Ислам Шамшиев (2-мүнөт), Антон Землянухин (5-мүнөт, 63-мүнөт), Виталий Люкс (74-мүнөт) жана Бекжан Сагынбаев (87-мүнөт) киргизди.

Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдагандай, кыргыз футболчуларынын бул жеңиши тарыхта биринчи жолу Кыргызстандын Азия чемпионатында ойноосуна шарт түздү.

Азиянын 2019-жылдагы кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан менен Мьянманын командалары 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек. Оюн коопсуздук маселесинен улам өкмөт башчы Сапар Исаковдун чечими менен токтотулган. Буга Мьянмадагы диний негизде деп айтылган жаңжал себеп болгон.

Азиянын футбол конфедерациясы эки өлкөнүн командаларынын мурда болбой калган беттешин "Инчхон" стадионунда өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Конфедерациянын дисциплинардык комитетинин чечимине ылайык, стадиондун ижара акысын, оюнду уюштуруу иштерин, эки команданын жол киресин жана жатаканасын Кыргызстандын Футбол федерациясы көтөрөт.

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-раунду 2017-жылы 28-мартта башталган. Кыргызстан «А» тобунда Индиянын, Мьянманын жана Макаонун командалары менен ойноп жатат. Беттештер ушул жылдын 27-мартында аяктайт.

Учурда Кыргызстан өз тайпасында 10 упай менен экинчи катарда. 13 упай менен Индиянын курама командасы көч башында келе жатат. Мьянмалыктарда беш упай бар. Макаодо упай жок. Алдыда 27-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Индия командалары тандоо оюндарындагы акыркы беттешин өткөрөт. Бул күнү Мьянма өз жеринде Макао командасын кабыл алат.

Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалга жолдомо алат. 2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат. (ECh).

XS
SM
MD
LG