Эки жыл мурун 22-мартта Брюсселдин "Завентем" аэропорту менен "Мальбек" метро станциясына жасалган кош чабуулда 32 кишинин өмүрү кыйылып, 300 адам жарадар болгон. Эки кол салууну тең “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мойнуна алган.
Былтыр 22-мартта Лондондогу беш киши өлүп, 50 адам жабыркаган кол салууну Халид Масуд жасаган. Ал Лондондун борборундагы көпүрөдө, парламент имаратынын жанында жөө бараткандарды машинасы менен сүзүп, кийин британ парламентинин сыртында нөөмөттө турган полиция кызматкерин бычактаган.
“Ислам мамлекети” террордук тобу бул кол салууну да мойнуна алганы менен полиция ага далил табылбаганын билдирген.
22-марттагы кол салуудан кийин Британияда дагы төрт ирет Лондон көпүрөсүндө, баш калаанын Финсбёри Паркы деген районунда жана метронун "Рarsons Green tube" cтанциясында террордук аракет болгон.
Британ ички иштер министри Амбер Радд жана парламенттин төмөнкү палатасынын лидери Андреа Ледсом парламенттеги эскерүү иш-чарасына катышат.