Бүгүн Бишкекте биринчи жолу массаж боюнча мелдеш өтөт.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анын максаты - Кыргызстанда укалоочулук өнөрдүн деңгээлин жогорулатуу. “Мындай иш-чаралар кыргызстандык укалоочулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна шарт түзөт”, - деп белгиленген билдирүүдө.
Массаж боюнча чемпионат Орусия, Украина, Беларус, Молдова, Болгария, Казакстан, Израил, Италия сыяктуу өлкөлөрдө жыл сайын өтүп турат. Мында тажрыйба алмашуу, укалоонун ар кандай түрлөрүн жайылтуу же тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Учурда дүйнө жүзүндө массаждын түрлөрү жүздөп саналат. Дарылануу максатындагы массажды мануалдык массаж деп да айтышат.
Кыргызстанда соңку жылдары массаждын түрлөрү кеңири жайылууда. Ага жараша укалоочу кесибине кызыгып, окуп-үйрөнүп, аны кошумча жана негизги акча табуунун булагына айланткандар бар. Жакында эле Ошто "Чыгыш кесипкөй укалоочулардын ассоциациясы" коомдук бирикмеси түзүлдү. Бул массажчылардын Кыргызстандагы алгачкы бирикмеси.(КЕ)