Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, олимпиаданын төртүнчү, финалдык этабына республика боюнча 300дөн ашуун окуучу катышат.
Буга чейин олимпиаданын 3-этабы 26-27-февраль күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында болгон.
Быйыл биринчи жолу олимпиадага көз карандысыз уюмдар тартылууда. Бул жолу ал Кыргыз-түрк "Манас" университетинде өтүп, анын жүрүшү түз көрсөтүлүп турат.
Олимпиаданын тапшырмаларын иштеп чыгуу боюнча тендерде Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору утуп алган.
Республикалык олимпиададан жеңген окуучулар жогорку окуу жайларга сынаксыз жана акысыз кабыл алынат. (КЕ)