Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

Момбеков: КСДП партиясы люстрацияга муктаж


Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Кыргызстан социал-демократтар партиясы тазаланууга, люстрацияга муктаж. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Азаттык” радиосундагы “Арай көз чарай” талкуусунда билдирди.

- Чындыгында партия дагы люстрация, тазаланууга муктаж. Партиянын аброюна көлөкө түшүргөн кишилер, партиядан алысташы керек. Коомчулукта активдүү иш-аракеттери, жаңы кадамдары бар адамдарды алып келиш керек, - деди Момбеков.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленген. КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылып келген. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак КСДПнын курултайында Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген.

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматтан кеткен күндө да саясатта кала берерин, партиялык ишин жандандырарын журналисттерге айткан. Экс-президент ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо КСДПнын партиялык тизмесин жетектеп барарын да кеп кылган.(КЕ)

Атамбаев-Жээнбеков: мамиле жана мамлекет
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:19 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG