Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Фарид Ниязов: Кытай компартиясы КСДПга техникалык жардам берген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Кытайдын Компартиясы тарабынан берилген жардам тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, Кытай тарап акчалай эмес, техникалык жардам көрсөткөн, бирок ал КСДПнын балансына өткөрүлө элек:

- Техникалык жардам. Былтыр күзүндө келген. Аны баланска кое элекпиз. Азырынча колдоно элекпиз.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков 22-мартта "Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына жардам иретинде 1 миллион сом бөлдү" деп "Азаттыкка" билдирген. Момбеков КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар экенин, Кытай тараптан гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы ыктымал экенин кошумчалаган.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) кезектеги жыйыны 31-мартка белгиленген.

КСДПнын отуруму бир нече жолу жылдырылган. Фарид Ниязов мурдараак курултайда партия лидерлигине экс-президент Алмазбек Атамбаев бекитилерин маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG