Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Таласта кыйноого шектүү деген мурдагы үч милиционер акталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас райондук соту 23-мартта жергиликтүү тургун Автандил Тынышевди "кыйноого алган" деп айыпталган мурдагы милиция кызматкерлери Фархат Исмаилов, Талгат Тотобаев жана Канат Алымбаевди актады.

Чечимди судья Ниязбек Калматов чыгарды.

Жабырлануучу Автандил Тынышев соттун чечимине макул эместигин айтып, облустук сотко даттанарын билдирди.

Тынышев боюнча кылмыш иши төрт жыл мурда Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кыйноо") менен козголгон. Аны кыйноого шектүү катары Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери айыпталып, иштен бошотулган. (AlS)

XS
SM
MD
LG