Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

АКШ менен Кытай "соода согушун" баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын Соода министрлиги АКШнын кадамына жооп кайтарып, бажы төлөмдөрү киргизиле турган америкалык товарлардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык чочко этине 25 пайыз, жер-жемишке, шарапка жана болоттон жасалган түтүктөргө 15 пайыз өлчөмүндө төлөм киргизүү каралууда. Айрым маалымат булактары кабарлашкандай, Кытай бюджетине бул 3 миллиард доллар киреше алып келмекчи.

Кечээ АКШнын президенти Доналд Трамп кытайлык товарларга бажы салыктарын киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Товарлардын тизмеси 2 жумадан кийин белгилүү болмокчу. Ак үй билдиргендей, бул чечимдин айынан эрежесиз соода жүргүзүп келаткан Бээжин 50 миллиард доллар чыгаша тартат. АКШ Кытайды "интеллектуалдык менчикти уурдайт, технологиялар менен бөлүшүүгө мажбурлайт" деп айыптап жүрөт.

9-мартта Трамп болот менен алюминийге импорт салыктары киргизилээрин жарыялаган. Европа Биримдиги тиешелүү чара көрөөрүн биилдиргенден кийин Вашингтон Брюсселди жана бир катар өлкөлөрдү ал тизмеден убактылуу алып салган.

"Соода согушу тутанышы мүмкүн" деген коркунучтан улам америкалык биржаларда индекстер түшүп кетти.

XS
SM
MD
LG