Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:00

Чехиядагы заводдо өлгөндөрдүн бешөө румыниялыктар


Жарылуу болгон завод. Чехия, 22-март, 2018-жыл
Жарылуу болгон завод. Чехия, 22-март, 2018-жыл

Чехиядагы заводдогу жарылууда каза тапкан алты кишинин бешөө румыниялыктар болчу.

Бул тууралуу бүгүн Румыниянын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. 22-мартта Прагадан алыс эмес жердеги Кралупы над Влтавоу шаарчасындагы химиялык заводдо индустриалдык кырсык болгон. Жарылуу учурунда өлгөн алтынчы кишинин жарандыгы айтыла элек. Эки киши оор жараат менен ооруканага жеткирилген.

Unipetrol компаниясына таандык заводдо синтетикалык каучук чыгарылат.

Чехиянын Чукул кырдаалдар министрлиги жарылуу резервуарлар тазаланып жаткан учурда болгонун билдирди. Румыниянын президенти Клаус Иоханнис тиешелүү мекемелерге жана Прагадагы элчиликке маркумдардын үй-бүлөсүнө жардам көргөзүү тапшырмасын берди. Жарылуу жергиликтүү тургундарга эч кандай зыян алып келбегени маалымдалды. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG