Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:35

Путин шайлоочуларына рахмат айтты


Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин шайлоочуларына “болуп көрбөгөндөй колдоо” көрсөтүшкөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы 18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алганын жарыялады.

Ошондон кийинки телекайрылуусунда президент саясий пикир келишпестиктерди четке коюп, алга жылууга чакырды. Ал өкмөт орусиялыктардын жашоосун оңдош үчүн колдон келишинче аракет кылаарын айтуу менен бирге элдин көйгөйлөрү бир заматта чечиле калбай тургандыгын белгиледи.

Эл аралык байкоочулар шайлоодо чыныгы атаандаштыкка жол берилбегенин, мамлекеттик медиа жана башка каражаттар көп жылдардан бери лидердин колунда топтолгонун айтышкан.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG