Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Көчкү коркунучунан улам Бишкек-Ош жолуна кайра чектөө киргизилет


Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. 15-март, 2018-жыл.
Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү. 15-март, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 23-27-март аралыгында Бишкек-Ош жолунда кар көчкү коркунучу сакталууда.

Ушундан улам бул күндөрү Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда жана Талас районундагы Өтмөк ашуусунда кечки саат 21:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин жол бардык автоунаалар үчүн жабылат. Каттам таңкы саат 06:00дан кийин кайра ачылат.

ӨКМ жүргүнчүлөргө, айдоочуларга бул күндөрү Бишкек-Ош жолу аркылуу кечинде алыс сапарга чыкпай туруу зарыл экенин эскертет. Маалыматка караганда, 23-27-мартта Бишкек-Ош жолунун 121-137-чакырымдарында (Төө-Ашуу ), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолунун 68-99, Красная Горка - Ак-Таш жолунун 1-4, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 289, Казарман-Актал-Чат жолунун 67-94, Ийри-Суу участогунун 42-44, Арал-Суусамыр жолунун 8-21, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 45-90-145-150 жана Каракол-Эңилчек жолунун 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Машинелердин ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. (NT)

XS
SM
MD
LG