Линктер

жекшемби, 21-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:59

Баткенде эки күндөн бери дайынсыз болгон балдар табылды


Баткенде табылган балдар. Баткен облустук милициясы тараткан сүрөт.

Баткен облустук милициясы билдиргендей, 21-мартта Баткен шаарында жоголгон төрт бала Кадамжай районунун Халмион айылындагы базардан табылды.

Баткен шаарынын тургундары 13 жаштагы Адилет Полотов, 12 жаштагы Азизбек Мамытов, Бужум айылынын тургундары 16 жаштагы Кубат уулу Бекболот жана 11 жаштагы Илимбек Ташбаев эки күн мурда Баткендин борбордук стадионуна Нооруз майрамына чыгып кеткен бойдон кайра үйүнө барган эмес.

Аларды ата-энелери издеп, милицияга кайрылган. Балдар Бишкекке барууну көздөшкөнүн, Халмион айылына келгенде курулушу бүтпөй калган үйдө түнөп чыгышканын айтып беришкен.

Табылган өспүрүмдөр ата-энелерине тапшырылды. (NT/MdN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG