Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Францияда адамдарды барымтага алган кишини полиция атып өлтүрдү


Францияда адамдарды барымтага алган кишини полиция атып өлтүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

Францияда адамдарды барымтага алган кишини полиция атып өлтүрдү

Франциянын ички иштер министри Жерар Колломб полиция супермаркетте бир нече кишини барымтага алган куралчан адамды атып өлтүргөнүн бышыктады. Окуя 23-мартта өлкө түштүгүндөгү Треб шаарчасында болду. Ал адамдын огунан үч киши набыт кетти, 16 киши жараат алды деп кабарланууда. Премьер-министр Эдуард Филипп окуяны “теракт” деп сыпаттады. Кол салуунун себептери белгисиз жана ал адамдын аты-жөнү да аталган жок.

Маалыматтарга караганда, барымтага алганга чейин ал Каркассон шаарында полиция бөлүмүнө ок чыгарып, бир кишини атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG