Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Украиналык депутат Савченко ачкачылык жарыялады


Савченко 22-мартта Жогорку Рада аны кол тийбестиктен ажыратууну колдоп добуш бергенден кийин коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.
Савченко 22-мартта Жогорку Рада аны кол тийбестиктен ажыратууну колдоп добуш бергенден кийин коопсуздук кызматы тарабынан кармалган.

Украиналык депутат, мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп айыпталып жаткан Надежда Савченко ачкачылык жарыялады. Киевдин райондук соту анын бөгөт коюу чарасын карап жатат. Савченко 22-мартта Жогорку Рада аны кол тийбестиктен ажыратууну колдоп добуш бергенден кийин коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Башкы прокурор Юрий Луценко Савченко жана анын шериги Володимир Рубан баш калаада “ири масштабдагы теракттарды уюштуруу менен” өкмөттү төңкөрүүнү, жогорку жетекчилерди өлтүрүүнү көздөшкөн деп күнөөлөдү.

Депутат сотто өздөрүн ДНР деп атаган аймактан курал сатып албаганын жана ташыбаганын билдирди. Анын айтымында, куралды жикчилдердин колуна кандайча тийгенин аныктоо үчүн башкалар ташышкан.

Прокурор Олександр Банник судьядан Савченкону сотко чейин эки айга камоону сурады жана ал айыптуу деп табылса, өмүрүнүн аягына чейин кесилиши мүмкүн экенин айтты.

Аскердик пилот Савченко орусиялык эки журналистти өлтүрүү үчүн айыпталып, кошуна өлкөнүн соту тарабынан 20 жылга кесилген. Кийин орусиялык эки аскерге айырбашталган. Парламенке шайлангандан кийин президент Петро Порошенконун сынчысына айланган.

XS
SM
MD
LG