Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев Волоколамск районунун башчысы Евгений Гавриловду кызматтан кетирди.
21-мартта "Ядрово" деген таштандылар чогултулган жерде күкүрттүү суу тек абага жайылып кеткен. Жергиликтүү мектептин 30дан көп окуучусу уулануу белгилери менен ооруканага жеткирилген.
Волоколамсктын жашоочулары менен жолугушууда Гаврилов жапа чеккен балдардын ата-энелери менен айтыша кеткен.
Жергиликтүү тургундар таштанды талаасын жабууну талап кылышууда.