Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Кыргыз паспортун мыйзамсыз алган кытайлыктарга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган төрт кытай жаранына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, кытайлыктар Ош облусунун тургундарынын ысымына жазылган паспорт алышкан. Алардын бири өлгөн адамдын атындагы документти колдонуп жүргөнү ачыкка чыкты.

2017-жылдын ноябрь айында Кара-Суу райондук милициясы “Оомат” базарында рейд өткөрүп, соодагерлердин паспортун текшергенде, кытай улутундагы төрт киши милицияга кыргыз паспортун көрсөткөн. Күмөндүү паспортторду иликтеген учурда алардын бири Ноокат районунун Рахманов, дагы бири Өзгөн районунун Ражапов атуу жашоочуларынын атына жазылган жана мыйзамсыз даярдалган паспорттор экени аныкталган. Учурда кытайлык жарандардын бири кармалып, үчөө изделүүдө. Кармалган жаран жасалма паспорт үчүн 2 миң доллар төлөгөнүн билдирген.

Ошондой эле кытайлыктарга жасалма документтерди даярдап берүүгө шектүү катары бир аял сурак берип жатат.

Кара-Суу базарында 7000ге чукул кытай жараны туруктуу жашап-иштеп жүрөт деген маалымат айтылууда.

Бирок Кара-Суу райондук паспорт-виза бөлүмү кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчү менен бир дагы кытай жараны кайрылбаганын маалымдады. (YI)

XS
SM
MD
LG