Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Өзбекстанда коомдук тамактануу жайларына эшек этин саткандар кармалды


Өзбекстандын Фергана облусунда коомдук тамактануу жайларына эшек этин ташыган топ кармалды. Бул тууралуу Куштепе райондук администрациясы жана өлкөнүн Башкы прокуратурасынан "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына билдиришти.

Маалыматка караганда, эшектер Куштепедеги менчик үйлөрдүн биринде союлуп, Фергана шаарына жана Ташлак районундагы самсы, лагман даярдаган жайларга жеткирилип турган.

Жергиликтүү тургундар түнкүсүн эшектердин айкырганына нааразылык билдирип, бийликке кайрылган. Натыйжада бул үй текшерилип, ал жерде эшектер союлуп жүргөнү ачыкка чыккан.

Төрт кишиден турган топ эшек этин сатуу менен канча убакыттан бери алектенип келгени азырынча белгисиз. Аларга карата Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 186-1-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG