Израилдеги Тез жардам медицинасынын эл аралык эксперттеринин бири Гари Гросман Бишкекке келди. Ал 27-марттан тарта Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында Германиянын өнүктүрүү банкы берген 15 "Тез жардам" унаасынын техникалык абалын иликтемекчи.
24-мартта Гросман саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугуп, азыр колдонулбай жаткан реанимацияга керектүү автоунаалар тууралуу маалымат алды.
Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстан менен достукту чыңдоо программасынын алкагында 15 "Тез жардам" унаасын акысыз берүүнү чечкен. Тендер жарыяланып, Нидерланд өлкөсүнүн Dutch Health компаниясы 2017-жылдын жай айында машинелерди Кыргызстанга алып келмек.
Ар түрдүү себептерден улам машинелер кечигип, декабрь айында гана Бишкекке келген. Бирок алардын бардыгында кемчилик болгону үчүн азыр колдонулбай турат.
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Самат Тойматовдун айтымында, бир катар техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам министрлик ал машинелерди кабыл албай жатат. Германиядан адистер келип, атайын комиссия иликтегенден кийин аларды оңдоо иштери колго алынат. (BCh)
Саламаттык сактоо министрлигине Тез жардам автоунааларынан тышкары атайын учак дагы керек.