Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Өзбекстандык укук коргоочунун бир тууганы Кыргызстанда кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандык активист Аманбай Сагидуллаевдин бир тууганы Жумабай Сагидуллаев Кыргызстанда кармалды.

Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, Сагидуллаевди милиция 23-мартта кармаган. Буга Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү себеп болгон деген маалымат бар. Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанда "мыйзам бузган эмес, өзбек бийлиги аны бир тууганынын саясий ишмердүүлүгү үчүн" куугунтуктоодо.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Жумабай Сагидуллаев кармалгандан кийин, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкармалыгына, беш сааттай убакыттан кийин Аламүдүн райондук милициясына жеткирилип, 48 саатка камакка алынган.

"Кылым шамы" Жумабай Сагидуллаев Өзбекстанга экстрадицияланса кыйноого алынып, өлүм жазасына да тартылышы мүмкүн экенин, анын кармалышы мыйзамсыз болгонун айтып жатат. Аталган уюм өкмөттү "Качкындар жөнүндөгү" эл аралык укук эрежелерин сактоого чакырууда. Ошондой эле Жумабай Сагидуллаев Кыргызстандын Миграция кызматынан расмий каттоодон өткөнүн жана "саясий башпаанек издеген киши" деп табылганын маалымдады.

Кыргызстандын укук коргоо органдары жана өкмөт бул айтылгандарга комментарий бере элек.

Аманбай Сагидуллаев "Алга Каракалпакстан! Республиканын көз карандысыздыгы үчүн" кыймылынын лидери. Ал учурда чет мамлекетте баш калкалап жүрөт. ​ (NT)

XS
SM
MD
LG