Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кадыров кылмышкерлер менен жолугушканы тартылган видеону жарыялады 


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

"Новая газета" Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун "ВКонтакте" социалдык тармагында жарыялаган видеодо буюртма киши өлтүрүүгө шектүү катары федералдык бийлик тарабынан жана эл аралык издөөгө алынган Шаа Турлаев бар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, Кадыров менен Турлаевдин жолугушуусу Беной кыштагында өткөн. Ага мурдагы чечен сепаратисттери катышкан. Арасында Аслан Масхадовго кызмат өтөгөн Магомед Хамбиев бар.

Видеодо кадр артында Кадыров Бенойдогу жолугушуунун катышуучулары тууралуу "мыктылардын мыктысы" деп комментарий берген.

Турлаев – Кадыровдун мурдагы кеңешчиси. Ал Мамлекеттик Думанын депутаты Руслан Ямадаев менен мурдагы жансакчы Умар Исраиловдун өлүмүнө "тиешеси бар" деп шектелген.

Мындан тышкары Турлаев Рамзан Кадыровдун каршылашы Иса Ямадаев, Хасавюрт мэри Сайгидпаша Умаханов жана Норвегиядагы чечен диаспорасынын лидери Магомед Очерхажиге кол салууга шектелип жатат.

Шаа Турлаевге 2010-жылы издөө жарыяланган. Бирок полиция анын кай жакта экенин аныктоого мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Турлаевдин Кадыровдун видеосунда тартылганына байланыштуу "Новая газета" Орусиянын Ички иштер министрлигине өтүнүч жолдоду.

XS
SM
MD
LG