Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Орусияда соода борборундагы өрт төрт кишинин өмүрүн алды


Кемеровдогу өрт. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.
Кемеровдогу өрт. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

«Азаттыктын» орус кызматы билдиргендей, Кемерово шаарында жайгашкан "Зимняя вишня" соода борборунда өрт 25-мартта болду.

Андан төрт адам - үч бала жана бир аял каза тапты. ТАСС агенттиги Орусиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жараат алгандардын саны 30га жеткенин билдирди. Буга чейин өрттөн төрт бала мерт кетип, тогуз адам жараат алганы кабарланган.

Жабыркагандардын бири өзүн куткарам деп үчүнчү кабаттан секирип кеткен.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрт аталган соода борборунун кинотеатр жана балдар аянтчалары жайгашкан төртүнчү кабатынан чыккан. Себеби азырынча белгисиз. Аны өчүрүү иштери уланып жатат. Имараттан 200дөй киши чыгарылган.

Орусиянын Тергөө комитети киши өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG