Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:22

Беларус Эл Республикасынын 100 жылдыгы кармоолор менен коштолду


Эркиндик күнүн белгилөө учуру. Минск, 25-март, 2018-жыл
Эркиндик күнүн белгилөө учуру. Минск, 25-март, 2018-жыл

25-мартта Беларус Эл Республикасынын Орусиядан бөлүнгөндүгүнүн жүз жылдыгы белгиленди. Президент Александр Лукашенконун 24 жылдык башкаруусу учурунда бул датага ушул ирет гана көңүл бурулуп, Минск борборунда митинг жана концерт өткөрүүгө уруксат берилди.

Ошол эле маалда бийлик жүрүшкө чыкмак болгон 70 чамалуу оппозиция активисттерин кармады. Алардын арасында мурдагы президенттикке талапкер, оппозиция лидери Николай Статкевич да бар.

Эркиндик күнү деп да таанылган бул датада Лукашенконун атаандаштары дайыма нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен. Лукашенкону оппозиция беларустарды орусташтырып жатат деп айыпташат. Оппозициялык партиялардын, көз карандысыз медианын жана жарандык коомдун куугунтукталышын Орусиядагы бийлик режимине салыштырышат.

1918-жылдын 25-мартында Беларус өздөрүн Орусиядан көз карандысыз деп жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG