Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Түркмөнстанда парламенттик шайлоо өттү


Ашхабаддагы шайлоо тилкелеринин бири. Байкоочулар добуш берүү солгун болгонун айтып жатышат.
Ашхабаддагы шайлоо тилкелеринин бири. Байкоочулар добуш берүү солгун болгонун айтып жатышат.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-марттагы добуш берүү жыйынтыкталганын жарыялады. Расмий эсепке караганда, түркмөн парламенти – Межлис депутаттарын тандоого 91,69% шайлоочу катышкан. Беш облус жана башкалаа Ашхабаддагы көрсөткүчтөр да ушундан кем болбогону Боршайкомдун сайтына жазылды.

Мыйзам чыгаруучу орган - Межлисте 125 орун бар. Ага үч партиядан 168 талапкер, жарандар тобу сунуштаган 116 талапкер катышты.

Мындан тышкары жылына кеминде бир ирет чогулуп туруучу – Халк маслахатына, жергиликтүү кеңештерге да депутаттар шайланды.

Ошол эле учурда көз карандысыз байкоочулар шайлоого эл аз келгенин белгилешти.

"Мамлекеттик мекемелерде иштебегендердин басымдуусу бүгүн шайлоо экенин угушкан деле эмес. Анан да келишпеди. Межлиске шайлоого адамдардын аз катышуусу салтка айланды. Анткени шайлоолордон эч нерсе өзгөргөн жок" деди "Азаттыкка" жарандык активист Наталья Шабунц.

XS
SM
MD
LG