Линктер

шейшемби, 19-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:25

Орусиянын Тергөө комитети Кемероводогу өрттөн өлгөндөрдүн саны 37 кишиге жеткенин ТАСС маалымат агенттигине ырастады.

Андан аз мурда эле дайынсыз жоголгондордун саны 69, алардын 40к жакыны балдар деген кабар тараган. Бирок өрт курмандыктарынын саны тууралуу маалымат улам өзгөрүп жатат.

Учурда издөө-куткаруу иштери улантылуда. 1500 чарчы метрден көп аянтты өрт жалмагандыктан курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал деген чочулоо бар.

Өрт шаардагы "Зимняя вишня" соода комплексинин төртүнчү кабатындагы оюн-зоок борборун каптаган. Ага эмне себеп болгону айтыла элек.

Отуз адам ооруканага жаткырылды. Дагы ондогон киши имараттан чыгарылып, куткарылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги курман болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG