Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын айрым жашоочулары Өзбекстанга ички паспорттор менен кире албай жатышат. Мурдараак эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү чек арадагы райондордун тургундарына ички паспорт менен беш күндүк мөөнөткө коңшу өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат беришкен.
Өзбекстан менен чектеш Турсунзаде районунун жашоочусу Азим Муродовдун айтымында, буга чейин ал чек арадан ички паспорт менен эле өтүп келген болсо, 25-марттан бери чек арачылар аларды өткөрбөй калышкан.
Ушундай эле мүшкүлгө Согди облусундагы Канибадам районунун тургундары да туш болушкан. Алардын бири 25-мартта "Фейсбук" баракчасына мындай деп жазды: «Андан көрө чет элдик паспорттордун баасын төмөндөтүшсө болмок. Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө тышкы паспорттор мынчалык кымбат эмес. Мисалы, бизде дээрлик 800 сомониге (90 долларга жакын) жетсе, коңшу Кыргызстанда болгону 80 гана сомони турат».
Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы жаңы эрежелерге ылайык, эки өлкөнүн жарандары бири-биринин аймагына тышкы паспорт менен гана кирип-чыга алышат.
Ал ортодо 30 күнгө визасыз режим киргизилгенден кийин тажик-өзбек чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринде адамдар көбөйгөнү кабарланды. Айрым жарандар чек арада бир канча саат кезекте турганын айтышууда.