Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Беш жашар кызды зордуктаган адам 20 жылга кесилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык соту беш жашар кызды зордуктоого шектүү адамды 20-мартта 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя былтыр күзүндө Жалал-Абад шаарында болгон. 2017-жылы 15-ноябрда наристенин энеси белгисиз адам анын беш жашар кызын уурдап, жыныстык ыдык көрсөткөнүн айтып, милицияга кайрылган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин төртүнчү бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык жана соттук биологиялык экспертиза наристенин зордукталганын аныктаган.

Тергөөдө зөөкүрдүккө шектүү катары кармалган адамдын күнөөсү толук далилденип, быйыл январда прокуратура ишти сотко өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG