Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:59

Сауд Арабия хуситтердин ракеталарын атып түшүрдү


АКШнын БУУдагы элчиси Иран Йемендеги хусит козголоңчуларга курал-жарак берип жатканы боюнча Вашингтондун колунда жетиштүү далилдер бар экенин айткан.

Сауд Арабия Йемендеги хусит козголоңчулары учурган жети ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Саудиянын телеканалдары 26-мартта кабарлашты. Ракеталар баш калаа Эр-Риядды жана дагы үч аймакты бутага алган. Асмандан чачырап түшкөн ракета сыныктары борбор шаардын четинде бир кишинин өмүрүн алып, эки адам жарадар болгону да маалымдалды.

Ал эми Йемендеги хуситтерге тиешелүү телеканал ракеталар Эр-Риядагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортту көздөй атылганын билдирди.

Сауд Арабия, АКШ жана Израил Тегеранды хусит козголоңчуларын курал менен жабдып жатат деп айыптап келет, ал эми Иран андай дооматтарды четке кагууда.

Саудия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы Йемендеги 2014-жылы башталган жарандык согушта өкмөттүк күчтөргө жардам көрсөтүп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG