Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кемерово алааматына дүйнө көңүл айтууда


"Кышкы алча" соода борборунун жанындагы эскерүү. Кемерово шаары. 26-март, 2018-жыл.
"Кышкы алча" соода борборунун жанындагы эскерүү. Кемерово шаары. 26-март, 2018-жыл.

АКШ, Евробиримдик, Британия, Германия, Кытай, Израил жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кемерово трагедиясы үчүн орус элине көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөрүн маалымдашты. Бул окуяга байланыштуу көңүл айтуусун Рим папасы Франциск да билдирди.

Эл аралык Кызыл чырым коомунун орус бөлүмү өрттө курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам бериш үчүн каражат топтой баштады.

Киевде трагедия курмандыктарын эскерүүнүн белгиси катары Орусия элчилигинин имаратына гүлдөр коюлууда.

Расмий маалыматтар боюнча, "Кышкы алча" же "Зимняя вишня" деп аталган оюн-зоок-соода борборунда өрттөн каза болгондордун саны 64кө жетти, 50дөн ашуун киши жаракат алды. Көпчүлүгү балдар.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз, бирок укук коргоо органдары муну теракт деп болжолдоодон баш тартууда. Ошол эле учурда өрт учурунда көпчүлүк адамдар (көбүнесе жаш балдар) кино залында камалып калганы, имаратта өрт белги системасы иштебегени, ал эми ыкчам качып чыгуу жолдору кулпуланып калганы айтылууда.

Кырсыкка байланыштуу Кемеровонун өзүндө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Орусиянын айрым аймактары да аза күтүүдө. Москвада бүгүн расмий эмес эскерүү чарасы өтөт. Санкт-Петербург шаарынын тургундары Кышкы Сарай аянтындагы элдик мемориалга гүл коюшууда.

Кремл президент Путин трагедия үчүн терең кайгыруусун билдиргенин маалымдады. Айрым маалымат каражаттары Путин дүйшөмбү кечинде Кемерового келгенин жазып чыгышты, бирок президенттин басма сөз кызматы муну жокко чыгарууда.

Учурда өрт чыккан жерди тазалоо иштери уланып жатат. 23 сөөктүн тек-жайы аныкталганы, анын сегизи балдар экени кабарланды. Ошол эле учурда айрым сөөктөрдү жакындарына жашыруун калтырууга убадасын алып, берип жатышканы айтылды. Тергөө комитети бул мыйзам менен каралган иш-чара экенин билдирүүдө. Ал эми соцтармактардагылар муну бийликтин өрт курмандыктарынын чыныгы санын жашыруу аракети катары сыпаттап жатышат.

XS
SM
MD
LG