Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Бишкекте диний билим берүүнү жакшыртуу маселеси талкууланат


Кыргызстандагы диний жыйындардын бири. (Архивдик сүрөт).
Кыргызстандагы диний жыйындардын бири. (Архивдик сүрөт).

Бүгүн Бишкекте "Ислам диний окуу жайларын жакшыртуу маселелери" деген ири конференция өтөт. Анда балдарга диний билим берүүчү окуу жайлардын окуу программасы, окуу планынын мазмуну тууралуу маалыматтар берилет. Мындай окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү лицензия маселеси да көтөрүлмөкчү. Иш-чараны Булан институту уюштурат.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, президенттик жана өкмөттүк аппараттын, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, медреселердин жетекчилери катышат.

Кыргызстан дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, азыркы күндө Кыргызстанда жүзгө жакын медресе бар. Алардын ар биринде 15тен 100гө чейин адам диний билим алат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG